Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев бүгүн, 7-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Орхан Инандыны кандай ыкма менен өлкөдөн алып чыгып кетишкени убакыт өткөндөн кийин белгилүү болот.
«Түркия мамлекети менен биз чектеш эмеспиз. Ошол эле учурда Кытай Эл Республикасы менен чектешпиз. Менде жаран катары коркунуч пайда болду. Кокус Кытайдын атайы кызматы операция жүргүзсө, Түркияга окшоп учакка салбай эле биздин жарандарды тоо-таштан деле сүйрөп кетет экен да. Коопсуздукту караңыздар»,-дейт Абдалиев.