• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Абдил Сегизбаев алгачкы жолу маек берди

18 Чын куран 2018 11:10 Бишкек Govori.TV
Бишкек 18.04.2018 Govori.TV
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев «Дело №» гезитине эмнеге кызматтан кеткени тууралуу айтып, өлкөдөн качып кетиптир деген ушактарды төгүндөдү.
Сегизбаевдин айтымында кызматтан кетүү шашылыш кадам болгон жок. Көп ойлонуудан кийин кабыл алынган.
«Мен моюнга жүктөлгөн милдетимден кутулудум. Атайын кызматка келгендигим үчүн жана кызматтан кеткендигим үчүн дагы өкүнбөйм. Себеби ар бир кадамымды ойлонуп туруп жасадым. Кыргыз чиновниктери кызматтан татыктуу кеткенди үйрөнүш керек,-деди Абдил Сегизбаев.
Бирок Абдил Сегизбаев УКМК башчылыгынан кетүүсүнүн башкы себебин айткан эмес. Ошондой эле ал азыр Кыргызстанда эле жүргөндүгүн. Эч жака качып кетпей, коомдук турмушка мындан ары активдүү катышаарын айткан.
2018-жылдын 7-апрелинде УКМКнын төрагасы кызматынан алынган Абдил Сегизбаев, эң чоң жетишкендиги катары 2017-жылдагы президенттик шайлоодо бийликти тынч өткөрүлгөндүгүн эсептейт.
Количество просмотров: 23