Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз берген мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев премьер-министрлик кызматты убактылуу тапшырган Садыр Жапаровду ачык дебатка чакырды.
Бул тууралуу Сегизбаев 7-декабрда «Азаттыкка» берген маегинде билдирди. Ал акыркы он күндө ар кыл күчтөр ортомчуларды салып, ар кандай кызматтарды сунуштап жатканын кошумчалады:
«Мен эң күчтүү талапкер деген адамды дебатка чакырам. Мага ортомчуларды салып жатыптыр. Бетме-бет сүйлөшөлү. Артыбыздан сөз кылбайлы. Эгер эркек болсо, түзмө-түз мага чыксын, дебаттан ар бирибиз өз чындыгыбызды айталы. Кимдин-ким экенин, кандай максат көздөп жатканын ачык сүйлөшөлү», -деди Сегизбаев.
«Күчтүү делген талапкер ким? Садыр Жапаровбу?» деген суроого Абдил Сегизбаев «Ошол кишини айтып жатам» деп жооп кайтарды. 15-декабрда, шайлоо өнөктүгү учурунда бир катар маалыматтарды ачыкка чыгара турганын айтты.