Жогорку Кеңештин айрым депутаттары жана Абдишүкүр ажы Нарматов Баткен облусуна барышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлайт.
Депутат Марлен Маматалиев депутаттык топ кыргыз-тажик чек арасында түзүлгөн кырдаал менен жеринде таанышканын билдирди.
Анын айтымында, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун жана депутаттардын атынан кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүлдү.
Эл өкүлү азыркы учурда адамдар биринчи зарылдыктагы товарларга жана азык-түлүк продуктуларына муктаж экендигин кошумчалады.