• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

Абдрахманов көчөсүндөгү кеңейтилген курулуштар буздурулууда

20 Теке 2023 18:03 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Абдрахманов көчөсүндөгү кеңейтилген курулуштар буздурулууда, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы мэрдин орун басары Нурдан Орунтаевдин жана Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкуловдун катышуусунда долбоорлорго туура келбеген кире бериш топторду, ошондой эле уруксат берилбеген кошумча курулуштарды бузуу иштерин жүргүзүлүүдө.

Башкармалыктын кызматкерлери Биринчи май акимиатынын жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте жеринде иш алып барышууда.

Алсак, Ж.Абдрахманов көчөсүн бойлой Москва көчөсүнөн баштап Бөкөнбаев көчөсүнө чейин жалпы аянты 42 чарчы метр болгон 6 бастырма буздурулду жана жарнамалык конструкциялар алынды.

Башкармалыктын кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин объект ээлери ыктыярдуу түрдө алууда.

Буга чейин башкармалык тараптан муниципалдык аймакты мыйзамсыз орнотулган объекттерден, уруксатсыз имараттардан жана курулмалардан бошотуу боюнча эскертүүлөр берилген.

Количество просмотров: 130