• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Абдраимов Бишкек шаардык кеңештин төрагалыгына талапкерлигин коюудан баш тартты

2 Бештин айы 202417:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык кеңешинин төрагалыгына өз талапкерлигин койгон Жылдызбек Абдраимов («Жаңы күч – Новая сила» фракциясы) арызын артка кайтарды. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрдагы сессия учурунда белгилүү болду.

Ал эми шаардык кеңештин төрагалыгына Абдраимовдон тышкары «Адилет» фракциясынан Бекжан Үсөналиев да талапкерлигин койгон. Учура ал бул кызматка жалгыз талапкер болуп калды.

Шаардык кеңештин экс-төрагасы Куванычбек Конгантиевдин айтымында, Абдраимов жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдөн кийин төраганын орун басары кызматына талапкер болууну чечкен. Мындан улам эсептөө комиссиясына бюллетенди кайра оңдоо тапшырылган.

Белгилей кесек, бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин биринчи сессиясы болуп, анда борбор калаанын шайлоо комиссиясынын төрагасы Бахадыр Конушбаев депутаттарга төш белгисин тапшырып, депутаттар ант беришкен. Шаардык кеңештин регламентине ылайык, биринчи сессияны жаш курагы боюнча эң улуу депутат ачып, шаардык кеңештин төрагасы шайланганга чейин алып барат.

Эске салсак, 17-ноябрда өлкө боюнча жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо өткөн. Бишкек шаардык кеңешине 5 саясий партия өткөн.

Количество просмотров: 244