• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Абдыгулов: Улуттук банк өлкөнүн экономикасын колдоого 5,2 млрд сом жумшайт

10 Бугу 2020 14:01 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын экономикасын колдоого Улуттук банк 5,2 млрд сом жумшайт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү брифингде Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

«Өкмөттүн Улуттук банк менен биргелешкен антикризистик планынын алкагында жакынкы арада биздин чарба субъекттеринин айланма капиталдарын толуктоосу үчүн 1 млрд сомду кредиттик аукциондор аркылуу берүү пландалууда. Андан тышкары 1,5 млрд сом өкмөттүн «Айыл чарбасын каржылоо-8» долбоорун каржылоого жумшалат. Чакан каржы компанияларына 1 млрд сом кредиттик аукциондор аркылуу берилет. Бүгүн чакан жана орто бизнести колдоо үчүн «Керемет банк» аркылуу 750 млн сом жумшоо чечими кабыл алынды. Күрөө маселесин чечүү үчүн өкмөт менен бирге Кепилдик фондунун уставдык капиталын 1 млрд сомго көбөйтүү чечими кабыл алынды. Бул каражаттар чакан, орто жана ири ишканалардын насыя алуусу үчүн кепилдик берүүгө жумшалат. Улуттук банк тарабынан экономиканы колдоого жумшалган сумма 5 млрд 250 сомду түзөт», — Улуттук банктын төрагасы.

Количество просмотров: 81