• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Абдыкадыров Каракол шаарынын базар ээлери менен жолукту

31 Үчтүн айы 202413:49 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун башчысы Эмилбек Абдыкадыров Каракол шаарынын базар ээлерин кабыл алды.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Эмилбек Абдыкадыров базар жетекчилери менен жолугушууда Каракол шаарынын жергиликтүү базарларындагы шарттарды тез арада жакшыртуу зарылдыгын билдирди

«Шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү жана базарларды жакшыртуу – приоритеттүү милдет. Учурда ишкерлердин эффективдүү иш алып баруусу жана кардарларга ыңгайлуу шарттарды түзүү алдыга койгон максатыбыз», — деп баса белгиледи ал.

Облус башчы Каракол шаарына келген меймандарга жана туристтерге жагымдуу шарттарды түзүүгө арналган долбоорлорду колдоого аларын кошумчалады.

Количество просмотров: 113