• Шейшемби 19 Жалган куран 2024
  • Вторник 19 Март 2024
Орозо

Абдылда Иманкулов президенттен мамлекеттик сыйлык алды

17 Үчтүн айы 2019 17:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 17.01.2018. Govori.TV

Бүгүн, 17-январда президент Сооронбай Жээнбеков бир катар кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды жана ардактуу наамдарды тапшырды.

Мамлекет башчысы мамлекеттик сыйлыктар жана жогорку наамдарды алып жаткандарды куттуктап, алардын ак эмгектин, талыкпаган изденүүнүн, чыгармачыл жаратмандыктын үзүрү менен алкоого арзып, мамлекеттик сыйлыкты алып жаткандарын белгиледи.

Сыйлангандардын арасында — энергетика менен тоо кен тармагына өмүрүн арнаган аксакалдар Карыпбек Алымкулов жана Орозбек Дүйшеев, эгемен Кыргыз армиясынын калыптанышына эмгеги сиңген генерал Исмаил Исаков, профессор Сыртбай Мусаев, алыскы тоолуу айылдын мугалими Гүлүмкан Тургунбаева, балдар акыны Каныбек Жунушев, белгилүү обончу, аткаруучу Атайбек Бөдөшев, сатирик Абдылда Иманкулов, профессор Любовь Зубехина, парламент депутаты Азамат Арапбаев, зоотехник-селекционер Орозбек Алимжанов жана башкалар бар.

Количество просмотров: 89