• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Абдылдаев Асрандиевге: Жаш баладай. Башка өкмөттүн вице-премьерлери менен кантип сүйлөшөсүз?

4 Бирдин айы 2020 17:33 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 4-февралда Жогорку Кеңештин тармактык комитети вице-премьерликке сунушталган Эркин Асрандиевдин талапкерлигин карады. Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев талапкердин былтыр август айында Ысык-Көлдөн сүзүп өтөм деп жоголуп кеткенин эске салып сындады.

Абдылдаев Асрандиев мындай кыймыл-аракет менен кыргыз-казак чек арасындагы маселелерди чече албайт деген пикирде.

«Мамлекеттин акчасын чөнтөгүнө салып отурган адам мамлекеттик майрамда Ысык-Көлдү сүзөм деп жүрөт. Бул кишинин түшүнүгү ушулбу? Жаш баланын кыялындай кыялдар болуп жатпайбы? Анан кантип кыргыз-казак чек арасындагы маселелерди чечет. Мен түшүнүп турам, бул кандидат туура эмес. Эркин Асрандиев, «чоңоюш керек», — деди Мыктыбек Абдылдаев.

Эске салсак, 2019-жылдын 31-августунда Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиев Ысык-Көлдүн Кара-Талаа айылынан Тору-Айгыр айлына 25 чакырымдык сууну кесип сүзүп баратып, дайынсыз жоголгон. Аны издөө үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 17 куткаруучу жана “Мөлтүр” кемеси тартылган.Натыйжада Асрандиев түнкү 02:10 чамасында аман эсен табылган.

https://www.youtube.com/watch?v=F4y4aISRToQ
Количество просмотров: 4508