• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Вице-премьер Эркин Асрандиев отставкага кетти

10 Тогуздун айы 2020 20:04 Бишкек Govori.TV

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев отставкага кете турганын айтты. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында маалым болду.

Жапаров буга чейин өкмөттүн курамы өзгөрбөйт деп билдирген. Бирок кийинчирээк вице-премьер-министр Асрандиев Эркин Шамшудинович кызматтан өзү оозеки баш тартканы белгилүү болду. Ошондой эле, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев да өкмөттүн курамына кирбегени айтылды.

Белгилей кетсек, бгүн Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында премьер-министр кызматына Садыр Жапаровдун талапкерлиги каралып, өкмөт башчы болуп дайындалды.

Количество просмотров: 162