• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Асрандиев: Пенсия, жөлөк пулдар убагында берилет

8 Тогуздун айы 2020 14:54 Бишкек Govori.TV

Калк алдындагы бардык социалдык милдеттенмелер аткарылат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бүгүн актуалдуу маселелердин жыйындысын талкуулоо боюнча мамлекеттик орган жетекчилери менен болгон кеңешменин жүрүшүндө билдирди.

Ал мамлекеттик органдардын штаттык режимде иш алып баруусун улантуунун жана кыш мезгилине карата жылытуу мезгилине тийиштүү чараларды ыкчам ишке ашыруунун маанилүүлүгү белгиленди.

«Бул оор мезгилде бардык мамлекеттик органдар жарандардын турмушун өз нугунда улантуусун камсыз кылуу үчүн жүктөлгөн милдеттерди аткаруу боюнча өз ишин күчөтүшү керек», — деди вице-премьер-министр Эркин Асрандиев.

Тармактык мамлекеттик түзүмдөрдүн көңүлү коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу эпидемиологиялык абалды көзөмөлгө алууга, ошондой эле жугуштуу оорунун көбөйүү ыктымалдыгына даярдык көрүү боюнча бекитилген иш-чараларды аткарууга бурулат.

Мындан тышкары мамлекеттик компаниялардын ишин штаттык режимде улантуу зарылдыгы белгиленди.

Количество просмотров: 287