• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Абдылдаев: Конституцияны Америка, Германия жана эринбей Португалияныкынан алып жазышыптыр

2 Жалган куран 2021 16:45 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-мартта Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин отуруму өтүп жатат. Анда Конституциянын жаңы долбоору каралууда.

Депутат Мыктыбек Абдылдаев Жогорку Кеңештин жаңы Конституцияны кароого укугу бар деп кайсы пунктта жазылганын сурады.

«Биз мыйзамдарды кабыл алуучу органбыз. Ошондуктан Конституциялык кеңешмеге жана 80 депутатка Конституциянын жаңы долбоорун референдумга алып чыгууну сунуштайм. Конституциянын авторлору чыгып, мен туура эмес айтып жатканымды айтышсын», — деди ал.

Ошондой эле ал жаңы Баш мыйзамдын долбоору башка мамлекеттерден алынып жазылганын сындады.

«Баш мыйзамды Америка, Германия, Испания жана эринбей Португалияныкынан алып жазышыптыр. Анан кантип биринчи кыргызчасы жазылып, анан орусчага которулду деп айтып жатасыңар», — деди Абдылдаев.

Количество просмотров: 90