• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Абиров кайра шайлоого катышуу үчүн арыз берди

28 Теке 2023 15:59 Бишкек Govori.TV

Жаныбек Абировдун Бишкектеги Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу Абиров өзү фейсбук баракчасы аркылуу билдирүү жазып, кабарлады.

«Мен Жогорку Кеңешке кайтып барууга, депутат болгондо жигердүү баштаган шайлоо алдындагы программамды улантып, иш жүзүнө ашырууга даярмын. Бүгүнкү күнү алдыдагы шайлоого талапкерлигимди коём. Элибизде “Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт” деп айтылгандай дагы бир жолу мүмкүнчүлүк берүүңүздөрдү өтүнөм!!, — деп жазды ал.

Буга чейин БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов Абиров аталган округдагы кайра шайлоого катыша албасын билдирген.

Абиров үстүбүздөгү жылдын 27-мартында мандатын тапшырганын жарыялап, буга өзү катышкан мушташ себеп болгонун, мындан ары депутат катары ишин улантууга моралдык укугу жоктугун айтканы бар. БШК аны мандаттан ушул эле күнү ажыратып, кийин кайра шайлоо дайындалган.

28-майда өткөн кайра шайлоонун жыйынтыгын Боршайком 16-июнда жараксыз деп тапкан. Буга мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоодо 35,86 % добуш менен биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болуп келген Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылганы негиз болгон. Кайра шайлоо 10-сентябрга белгилеген.

Количество просмотров: 137