Бишкек.01.04.2019.Govori.TV.
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев кызматтан кеткенин жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты. Бирок өкмөттүн басма сөз кызматы бул маалыматты ырастаган да, четке каккан да жок.
13-14-март күндөрү Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы чырда жергиликтүү тургундардын айрымдары Халмурзаевге нааразы болуп, анын кызматтан кетишин талап кылышкан.
Абиш Халмурзаев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 2016-жылдан бери иштеп келатат.