• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Абылгазиевди Тбилисиден Георгий Шарвашидзе тосуп алды

16 Теке 2018 17:40 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 16.07.2018.Govori.TV
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 16-июлда, Тбилиси шаарына (Грузия Республикасы) «Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгү эл аралык демилгесинин 5-чи Саммитине катышуу үчүн келди. Бул туурасында өкмөттүн басма сөз борбору билдирди.
Маалыматта «Тбилиси эл аралык аэропортунда Ардактуу караул тизилип, Өкмөт башчыны Грузия Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Георгий Шарвашидзе тосуп алды. Сапардын алкагында Премьер-министр ошондой эле бир катар эки жактуу жолугушууларды өткөрүп, Грузиянын мамлекеттик башкаруу тутумун, салык, бажы тармактарын реформалоо боюнча жана башка тажрыйбалары менен таанышат» -деп жазылат.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, мамлекеттик органдардын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери кирген.

Количество просмотров: 7