• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Абылгазиев «Айыл Банктын» жетекчисин кабыл алды

29 Теке 2019 17:00 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.07.2019.Govor.TV.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев «Айыл банк» ачык акционердик коомунун жетекчилигин – башкармалыктын төрагасы Бактыбек Шамкеевди жана кеңештин төрагасы Малабек Токтоболотовду кабыл алды. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун алкагында мамлекеттик банктын ишмердүүлүгүнүн калкты насыя каражаттары менен жеткиликтүү камсыз кылуу, айыл чарбасын жеңилдетилген кредиттөө жана ипотекалык кредиттөөнү жакшыртуу боюнча маселелер топтому талкууланды.

Андан тышкар, жолугушуунун жыйынтыгы боюнча «Айыл банк» акционердик коомунун жетекчилигине бир катар тапшырмалар берилди.

 

Количество просмотров: 19