• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Абылгазиев акча төлөп абактан чыкты

24 Баш оона 2021 10:20 Бишкек Govori.TV

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 50 миллион сом төлөп абактан чыкты. Маалыматты Govori.TVга УКМКнын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, Абылгазиев 50 млн сом төлөп берген. Ал тергөө аяктаганча үй камагында болот.

Эске салсак, атайын кызмат мурдагы премьер-министрди өкмөт башчы болуп турганда «Кумтөр Голд» ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берүүчү токтомго мыйзам бузуп кол койгон деген шек менен 26-январда кармаган. Буга чейин Абылгазиевдин ден соолугуна байланыштуу УКМКнын СИЗОсунан жеке менчик клиникалардын бирине которулган.

Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылы 20-апрелде өкмөткө келип, 2020-жылдын июнь айында жыштык чырына байланыштуу кызматтан кеткен.

Количество просмотров: 924