• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Абылгазиев: Акыркы окуяларды эске алуу менен өкмөттүн иш планы актуалдыштырылат

22 Бугу 2020 21:07 Бишкек Govori.TV

Акыркы окуяларды эске алуу менен Өкмөттүн Иш планы актуалдыштырылат. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жумушчу кеңешмесинде билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлайт.

«Жыл башында биз тараптан 157 иш-чарадан артыкчылыктуу максаттар чагылдырылган 100 милдет аныкталган. COVID-19 пандемиясы биздин пландарга өзгөртүү киргизип, алга коюлган максаттарга жетүү мөөнөтүн жылдырды. Өзгөчө бул Экономика жана Тышкы иштер министрлигине тийиштүү. Кыйынчылыктарга карабастан, биз жалпы иш-чаранын 23%ын аткара алдык. Учурда басымдуу күч-аракет коронавируска каршы күрөшкө жумшалып жаткандыгын эске алуу менен экономикалык жана социалдык маселелерди чечүү боюнча милдеттер каралган Өкмөттүн Иш планын актуалдыштыруу зарыл. Өзгөчө акыркы окуяларга байланыштуу айрым түзөтүүлөрдү талап кылган милдеттер каралуусу зарыл. Тактап айтканда, айрым өлкөлөр үчүн визасыз режим тутумун, чет өлкөлүк адистер тартылган тоо-кен жана курулуш тармактарындагы долбоорлорду ишке ашыруу шарттарын өзгөртүүнү кайрадан кароо керек», — деди Премьер-министр.

Өкмөт башчы эскерткендей, парламенттин чечимин талап кылган бардык маселелер боюнча тийиштүү документтер даярдалып, депутаттарга сунушталышы керек.

«Бир айдан соң парламент каникулга кетет. Буга катар бизде жайы бою чечүүнү талап кылган көптөгөн маселелер бар. Мисалга, кенди чыгаруу, аткезчилик менен күрөшүү үчүн акциздик салыкты киргизүү, амнистия берүү шарттарын кайрадан кароо, салык жана социалдык төлөм нормалары, мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү маселеси, туристтик тармак түзүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү, Манас аэропортунун ишмердүүлүгү боюнча маселелер бар. Бүгүнкү күндөгү маанилүү милдеттин бири – жумушсуздук маселесин чечүү. Убактылуу жумушсуз жарандарды коомдук иштерге тартуу маселесин иликтөө сунушталууда», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Муну менен бирге Премьер-министр белгилегендей, Өкмөттүн алдында башка да маанилүү милдеттер турат.

«COVID-19 менен күрөшүүдө чакан жана орто бизнес абдан жабыркады. Бюджеттин басымдуу бөлүгү ишкерликтен түшөрүн эске алуу менен биз аны колдоого каражаттарды издеп жатабыз. Бул өтө төмөн пайыз менен ар кыл ресурстардан 40 млрд сомдун тегерегиндеги каражат. Мындан тышкары биз мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында пландалган 44 долбоорду аяктоого, 40 айыл өкмөтүн дотациядан чыгарууга тийишпиз. Ушунун баары бизнести көмүскөдөн чыгарууга, аткезчиликти азайтууга жана бюджетти толтурууга шарт түзөт», — деп баса көрсөттү Премьер-министр.

Ал ошондой эле Өкмөттүн мүчөлөрүнө бардык багыттар боюнча иштерди күчөтүүнү айтты.

«Биздин жөнгө салынган ишибиз аркылуу пандемиянын ата мекендик экономикага жана мекендештердин саламаттыгына мүмкүн болгон соккуларын азайта алдык. Биз коронавирус инфекциясын жеңе алабыз. Бардык чөйрөлөрдөгү ишмердүүлүк баскычтуу түрдө жанданып жатат. Биз баштагы жашообузга кайтуудабыз. Бул үчүн Өкмөттөн эле эмес, ар бирибизден күч-аракеттерди жумшоо талап кылынат. Баарыбыз биргеликте, ниети жамандардын максатына алдырбай, бардык кыйынчылыктарды жеңип, жашообузду жакшыртабыз».

Количество просмотров: 41