• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Абылгазиев: Жол кыймылы эрежелерин бузуучулар жоопкерчиликти сезиши керек

3 Үчтүн айы 2019 17:46 Бишкек Govori.TV

Бишкек.03.01.2019.Govori.TV.

Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылдын 1-январынан тарта жүргүзүлүп жаткан сот-укуктук реформанын алкагында айрым укук бузуулар үчүн жоопкерчиликти катаалдаштыруучу бир катар жаңы кодекстер жана мыйзамдар күчүнө киргендигин дагы бир ирет
жумушчу кеңешме өткөрүп, эскертти.

«Бул чаралар биринчи кезекте жарандардын коопсуздугун камсыздоого багытталган. Тартип бузган жактар тийиштүү жаза алышы керек. Жол кыймылы эрежелерин бузуулар көбүнэсе айлана-чөйрөдөгү адамдардын жашоосу үчүн коопсуздук жаратат. Айыппулдун жогорулатылышы алдын алуу чараларына кирет. Эреже бузуучулар жоопкерчиликти сезиши керек, жеке талап кое билбесек, тартип болбойт», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр 2019-жылы Өкмөт алдында министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн талап кылган ишке ашырылчу бир катар маанилүү милдеттер тургандыгын баса белгиледи.

Өкмөт башчы ошондой эле коомчулук менен кайтарма байланышты активдештирүүнүн жана жол кыймылы эрежелерин бузуу үчүн айыппулду жогорулатуу сыяктуу демилгелер боюнча түшүндүрүү иш-чараларын күчтөндүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Биз үчүн элдин коопсуздугу абдан маанилүү, жарандар арасында киргизилип жаткан жаңычылдыктар тууралуу бурмаланган маалымат таркатылууда. Ошондуктан мамлекеттик органдар киргизилип жаткан жаңылыктардын максат-милдеттери тууралуу ыкчам жана жеткиликтүү түшүндүрүүсү керек», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри жана Бузуулардын бирдиктүү реестри иштеп баштагандыгы тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, республика боюнча бардык даярдык көрүү жана техникалык иш-чаралары жыйынтыкталган. Жакынкы күндөрү байланыш каналдарынын ишинде майда-барат иштен чыгуулар орун алгандыгы менен алар ыкчам тартипте четтетилген.

Премьер-министр жаңы жылдык каникул мезгилинде кызмат өтөгөн тийиштүү мамлекеттик орандардын кызматкерлерине ыраазычылык билдирди жана майрам күндөрү жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча мындан аркы чараларды кабыл алуу зарылдыгын белгиледи.

Количество просмотров: 5