Бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында өлкөдө коронавирустун жайылышына каршы көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө өкмөттүн маалыматы угулууда. Баяндаманы Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жасап жатат.
«Мамлекетибизге чоң сыноо келди. Адамдар аны кантип көтөрүп кетет? Бул биринчи көйгөйлүү маселе. Бул адамдардын ден-соолугуна жана мамлекеттин бюджетине терс таасир тийгизет. Чек ара аэропорттордо көзөмөлдү күчөттүк. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен тыгыз иштеп жатабыз. Соода жүгүртүүгө алакасы бар мамлекет менен болгон чек араны жаап коюу өлкөгө терс таасирин тийгизди. Ден-соолук баарынан кымбат болгондуктан ушундай чечим кабыл алганга аргасыз болдук», — деди Абылгазиев.