• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Абылгазиев Минск шаарындагы жогорку технологиялар паркына барды

27 Жетинин айы 201816:34 Бишкек Govori.TV
Бишкек.27.11.2018.Govori.TV.
КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Беларусь Республикасына иш сапарынын алкагында Минск шаарындагы «Жогорку технологиялар паркынын администрациясы» Мамлекеттик мекемесине барды. Бул тууралуу өкмөт башчынын басма сөз кызматы билдирген.
Жогорку технологиялар паркынын директору Всеволод Янчевский Өкмөт башчыга мекеменин ишмердиги тууралуу айтып берди жана бул ИТ-бизнестин ийгиликтүү өнүгүүсүнө жагымдуу өбөлгө түзгөн атайы салык-укуктук режими бар өзгөчө экономикалык аймак экендигине токтолду.
Парк экстерриториалдык принцип боюнча иш алып барган АКШдагы Кремний өрөөнүнүн белорустук варианты катары таанымал. Анда катталган компаниялар белорустук кеңсенин жайгашуу ордунан көзкарандысыз түрдө бардык сунушталган артыкчылыктардан пайдалана алышат.

https://www.facebook.com/okmot.kg/videos/1001878553334521/

Количество просмотров: 54