Бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таабалды Тиллаев мигранттарды алып келүү маселеси кандай болуп жатканын сурады. Ал Орусиянын Соль-Илецк шаарында чек арада калып калган жарандар тууралуу суроо узатты.
Депутатка жооп берген өкмөт башчы маселени чечүү үчүн аракеттер көрүлүп жатканын билдирди.
«Ал маселе биздин көзөмөлдө, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жакынкы эки-үч күндүн аралыгында чечилет», — деди Абылгазиев.