• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Абылгазиев жаңы министр таба албай убара…

5 Аяк оона 2019 17:00 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева кызматтан күтүүсүз кеткенине байланыштуу өкмөт башчы Абылгазиев анын ордуна министр болчу адам таппай убара.

Мындан улам Билим берүү министринин ордуна ар кимди сунуштап жатканы маалым болду. Министр кызматына сунушталгандардын арсында «гомосексуализм» сөзүн айта албай “Гомосе…гомосеке… сексалю…” деп коомчулуктун талкуусуна алынган Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов дагы бар экени айтылууда.

Белгилүү болгондой өкмөт бош калган министрлик орунга беш күндүн аралыгында талапкер сунуштоосу керек.

Эске салсак, кечээ 4-сентябрда Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева кызматтан өз каалоосу менен кеткен. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы кол койгон.

Количество просмотров: 122