• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Абылгазиев: Жээнбековдун шайлоо алдындагы убадаларын аткара баштады

29 Жетинин айы 2018 17:16 Бишкек Govori.TV
Бишкек.29.11.2018.Govori.TV.
Өкмөт президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдындагы убадаларын аткара баштаганын 29-ноябрдагы парламенттин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди:
Ал социалдык тармак, саламаттык сактоо, билим берүү боюнча убадаларды берген. Биз дарыгерлердин айлыгын көтөрө баштадык. 2018-жылы бюджетте 157 млн. сом каралган. Жаңы министр реформаларды баштаганын өзүңөр деле көрүп жатасыңар.
Абылгазиевдин айтымында, аймактарды өнүктүрүүгө миллиардаган сом каралган. Мындан сырткары өкмөт башчы «Жээнбековдун калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча убадасы аткарылып, 315 млн. долларлык долбоор иштей баштаганын» кошумчалады. Бул багытта өлкө казынасынан 300 млн. сом бөлүү каралган.
Калкты таза суу менен камсыз кылуучу “Ала-Тоо булагы” долбоорунун алкагында быйыл жыл башынан бери бир гана айыл ичүүчү суу менен камсыз болду. Программа боюнча январь-декабрь айларында 18 айылга суу киргизүү пландалган. Азыр калган айылдарда иш толук аягына чыкпай токтоп турат. Буга чейин айрым депутаттар калкты таза суу менен камсыз кылуучу долбоор үзгүлтүккө учурап, эл аралык уюмдар аны каржылоону убактылуу токтотуп жатканын айтып чыгышкан.
Мунун алдында депутат Тазабек Икрамов «аймактарды өнүктүрүү боюнча бир да программа иштеп чыккан жок» деп өкмөттү сындаган.
Количество просмотров: 19