• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Абылгазиевдин абактан жеке клиникага которулганы айтылды

8 Кулжа 2021 12:21 Бишкек Govori.TV

Мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев ден соолугуна байланыштуу Убактылуу кормоочу жайдан жеке клиникага которулганы айтылды.

Маалыматка караганда, ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайынан, бир нече күн алдын Бишкек шаарында жеке «Бикард» клиникасына которулган.

Ал эми УКМК бул тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты.

Эске салсак, 2021-жылдын 21-майында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Абылгазиевге карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын 2021-жылдын 26-июлуна чейин УКМКнын СИЗОсуна камоо менен узарткан.

Количество просмотров: 124