• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Мухаммедкалый Абылгазиев суракка чакырылды

21 Тогуздун айы 2020 10:31 Бишкек Govori.TV

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев суракка чакырылды. Бул тууралуу Каржы полициясынын басма сөз катчысы Govori.TVга билдирди.

Анын айтымында, Абылгазиев Финполго бүгүн, 21-октябрда чакырылган. Кайсы иш боюнча чакырылганы айтылган жок.

Бир күн мурда Финпол Абылгазиевге өлкөдөн чыгууга тыюу салган. Быйыл июль айында аталган кызмат өкмөт сатып алган «Тез жардам» автоунаалары боюнча иликтөө жүргүзө баштаган.

Cентябрь айында Абылгазиевди коронавирус пандемиясына байланыштуу шалаакылык үчүн жоопко тартууну сунуш кылган арыз Саламаттык сактоо министрлигинин дары-дармек жана медицина каражаттарын сатып алуу боюнча тендердеги алешемдик тууралуу Финполиция тергеп жаткан ишке кошулганы кабарланган. Абылгазиев жыштык чырына байланыштуу июнь айында кызматтан кеткен.

Эске салсак, аталган кылмыш иши боюнча шектүү катары мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Бишкектеги тергөө абагына камалган.

Количество просмотров: 88