• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Абылгазиев абактан чыкты. Коронавирустан дагы 5 адам көз жумду

24 Баш оона 2021 14:03 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 24-августтагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан дагы беш адам каза болду.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2494 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 199 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында  жана Чүй облусунда.

Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 174 347 адамга жетти.

Бир күндө 444 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 1266 адам жатат, дагы 2010 бейтап үйдөн дарыланууда.

АБЫЛГАЗИЕВ АБАКТАН ЧЫКТЫ

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарды.

Жогорку соттун басма сөз кызматы билдиргендей, 20-августта райондук сотко Абылгазиевдин ден соолугунун начарлашына жана келтирилген зыяндын ордун толтуруп бергендигине байланыштуу анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча Башкы прокуратура арыз менен кайрылган.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен Мухаммедкалый Абылгазиев сыртка чыкпоо тил каты менен үй камагына алынган. Ошондой эле ал мамлекетке 50 млн сом төлөп берген. Абылгазиев тергөө аяктаганга чейин үй камагында болот.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 26-январында коррупция жана мыйзамсыз боюу фактысы боюнча мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН 1 АДАМ КӨЗ ЖУМДУ

Баткен облусунда жол кырсыгынан 1 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 112-чакырымында “Honda Stepwgn” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай “КамАз” оор жүк ташуучу унааны сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен “Honda Stepwgn” унаанын айдоочусу 1995-ж туулган жаран каза болгон.

Жерине ӨКБдан 5 куткаруучу тартылып, каза болгон жарандын жансыз денесин тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 133