• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ачкачылык жарыялаган блогер Гүлзат Мамытбектин абалы айтылды

18 Жетинин айы 202117:42 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган блогер Гүлзат Мамытбек ачкачылык акциясын улантууда. Бул тууралуу маалыматты Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, Гүлзат Мамытбектин ден соолугунун абалы туруктуу деп бааланууда.

«Анын абалы дарыгерлердин көзөмөлүндө», — деп билдиришти ведомстводон.

Буга чейин Гүлзат Мамытбек Кыргызстандын кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборунун кызматкерлерине 14-ноябрдан бери нааразылык иретинде ачкачылык жарыялап жатканын билдирген.

Эске салсак, блогер 25-октябрда алдамчылык фактысына шектелип кармалган. Кийин Биринчи Май райондук соту аны 1 айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Количество просмотров: 790