Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 11-апрель – жекшемби күнгө дайындалды. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына бул өнөктүккө чыгымдарды бөлүү, шайлоону даярдоо, өткөрүүдө коопсуздук жана санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин тартиби боюнча да тапшырмалар коюлган. Шайлоо фонддоруна келип түшкөн жана коротулган каражаттар тууралуу акыркы маалыматтар кандай? Талапкерлер үгүт иштерине канча каражат сарпташты? «Ачык айт» программасында талкууланат.
Катышуучулар: Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Бекматов Абдыжапар Гапырович жана Polimetr.kg сайтынын жетекчиси Наргиза Нанакеева.