• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Адахан Мадумаров бийликке кайрылуу жасады

10 Аяк оона 2021 16:05 Бишкек Govori.TV

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров партиянын мүчөсү, активист Орозайым Нарматованын кармалышы боюнча бийликке кайрылуу жасап, Нарматованын токтоосуз бошотулушун талап кыларын айтты.

«Ал кыз жападан-жалгыз бир тууган агасынын сөөгүн алып келип жерге берип, кыргыздын салты боюнча 40 күндөн кийин жеңесин, агасынан калган төрт баланы алып кетип баратканда кармалганы чектен чыккан жапайычылык. Ага коюлуп жаткан доомат абдан күлкүлүү. Ал качан, кайсы жерде, кантип бийликти басып алууга чакырык жасады? Орозайым Нарматова бир ай атасынын үйүндө жаткан экен. Эмне үчүн укук коргоо органдары үйүнө басып барып койбойт? Эмне үчүн аэропортко келип учайын деп каттоодон өтүп жатканда кармашат?»,-деди Мадумаров.

Эскерте кетсек, Орозайым Нарматова бүгүн эртең менен саат 05:00 Ош шаарындагы аэропортто Москвага учуп кетер алдында милиция тарабынан кармалган. Ички иштер министрлиги активист Орозайым Нарматованын кармалышы боюнча билдирүү таратып, Жазык кодексинин 313-беренеси («Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу») менен сотко чейин териштирүү башталганын кабарлады.

Количество просмотров: 1940