• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Адахан Мадумаров: Чындык үчүн күрөшкөн позицияңар баа жеткис байлык

1 Бештин айы 2022 11:30 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты, “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров “Govori.TV” мультимедиалык маалымат агенттигинин 5 жашка толушу менен куттуктады. Өз каалоо-тилектерин айтып жатып, чындык үчүн күрөшкөн позициянын өзү баа жеткис байлык экенин белгиледи.

«Туура, так, сапаттуу, сабаттуу маалымат алуу бүгүн өтө кыйын болуп калган заманда ал жакка ообой, бул жакка ообой, кара кылды как жарган чындыкты айтып, тазалык, мамлекеттүүлүк, мыйзамдуулук үчүн деп чуркап жүргөн эмгегиңердин үзүрүн көрө турган мезгилиңер. Ошол куттуу болсун», — деди Мадумаров.

Количество просмотров: 483