• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Адахан Мадумаров: Конституцияны тебелеп, ыргытып жибердик…

22 Бештин айы 2022 10:40 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Адахан Мадумаров Кемпир-Абад маселеси боюнча абакка алынган активисттердин абалы начарлап жатса дагы көңүл бурулбай жаткандыгын катуу сындады.

Анын айтымында абактагы ачкачылык жарыялаган активисттердин ден соолугу начарлап жаткандыгын адистер айтып жатса да депутаттардын башка маселе менен алаксып отурат.

Мындан сырткары жөлөк пул тууралуу дагы маселени айтып, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун «төлөй албайбыз», «төлөбөйбүз» деген кебин сынга алып, милдетин аткара албаган министрди колдогон депутаттардын жоопкерчилигин да эске салды.

Мадумаров мыйзамдын одоно бузулуп жаткандыгына байланыштуу атайын комиссия түзүүнү сунуштады.

Ал Кемпир -Абад, Курултай өңдүү маселелер мыйзамсыз өткөрүлгөнүн кошумчалады.

Количество просмотров: 267