• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Адам өлтүрүп, издөөдө жүргөн казак жараны Бишкектен кармалды

1 Баш оона 2023 16:25 Бишкек Govori.TV

Адам өлтүрүү үчүн издөөдө жүргөн Казакстандын жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын аймагындагы ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө жеке менчик мейманканалардын биринен коңшу мамлекеттин жараны 1992-жылы туулган жараны кармалган.

Ал Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 99-беренеси “адамдардын тобу тарабынан жасалган адам өлтүрүү” боюнча издөөдө жүргөн.

«Алынган маалыматка караганда, жогоруда аталган жаран оор кылмышты жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында Кыргыз Республикасынын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, Бишкек шаарынын аймагына жашырынып жүргөн. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына казакстандык кесиптештери тергөө органдарынан жашырынып жүргөн адамды издөөгө жана кармоого көмөк көрсөтүү боюнча өтүнүч менен кайрылышкан. Кылмышка түздөн-түз тиешеси бар 1992-жылы туулган жаран Кыргызстандын аймагында жашынып жүрүшү мүмкүн деген маалымат түшкөн. Кармалган жаран белгилүү клубдун жыйырма сегиз жаштагы фитнес-машыктыруучусун өлтүрүүгө шектелүүдө. Ал 17-июлга караган түнү Алматы шаарында аны атып өлтүрүүгө шектелүүдө. Андан соң, Наурызбай райондук ички иштер бөлүмү 31 жаштагы жаранга издөө салып, Алматы шаарынын адистештирилген райондор аралык тергөө соту ага карата сыртынан камакка алууга чечим чыгарган. Маалым болгондой, ал буга чейин оор кылмыш жасагандыгы үчүн жоопко тартылган»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 74