• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Адам өлтүргөндүгү үчүн издөөдө жүргөн жаран 11 жылдан кийин кармалды

31 Үчтүн айы 2022 13:03 Бишкек Govori.TV

Адам өлтүрүүгө айыпталган адамдын жүргөн жери аныкталды. Ал кармалганга чейин укук коргоо органдарынан 11 жылдан ашык жашынып качып жүргөн. Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2010-жылдын 17-июнунда Ош облусунун Араван райондук ИИБдин нөөмөт бөлүмүнө азиат улутундагы, болжол менен 25-30 жаштардагы белгисиз аялдын жансыз денеси Дадахан айылынын пахта талаасындагы каналдын жээгинен табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Белгисиз аял кишинин жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүүдө башында жана колдорунда ар кандай жарааттар бар экени аныкталып, тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Соттук-медициналык экспертизанын корутундусу боюнча маркумдун баш сөөктөрү, кабыргалары сынгандыгы, күч колдонулуп өлтүрүлгөнү тастыкталган.

Маркумдун өздүгүн аныктоо максатында жүргүзүлгөн тийиштүү иш-аракеттердин негизинде, ал Мамлекеттик каттоо кызматынын Транспорттук каражаттарды каттоо департаментинин кызматкери 1980-жылы туулган Алия Темирбаева экендиги аныкталган.

Бул оор кылмыштын бетин ачуу тергөөчүлөрдүн жана ыкчам иликтөө кызматкерлеринин татаал жана көлөмдүү иштеринин жыйынтыгы болду.

Алгач маркум 2010-жылдагы июнь окуясынын кесепетинен каза болгон деген божомолдоо болгон.
Бирок тергөө-ыкчам иш-аракеттеринин жүрүшүндө адам өлтүрүүнүн жагдайлары аныкталып, айрым кылмыштуу элементтер 2010-жылдын май айында МККнын Транспорттук каражаттарды каттоо департаментинин кызматкери маркум А.Темирбаева батир сатып алуу максатында ири өлчөмдөгү акчасын сактап жүргөнүн кокусунан билип калышып, алар анын ишеничине кирүү менен көздөгөн кылмыштуу максаттарына жетүү жөнүндө өз ара сүйлөшүп алышып, кылмыш жолун улантышкан.

Тактап айтканда, бир-нече адамдан турган кылмыштуу топ 2010-жылдын 10-июнунда маркум А.Темирбаеваны Ош шаарынын четине алдап алып барышып, ал жерден күч колдонуп сабап, электрошокердин жардамы менен коркутуп, 10 000 АКШ долларын талап кылышкан.
Кылмышкерлер көздөгөнүнө жетпей, А.Темирбаеванын алтын-күмүш зергер буюмдарын алышып, колу-бутун байлап, Кара-Суу районундагы каналга ыргытып жиберишкени аныкталган.
Бир жумадан кийин, маркумдун жансыз денеси Ош облусунун Араван районунун аймагынан табылган.

Тергөө-ыкчам иш-аракеттеринин жүршүндө кылмышка тиешеси бар адамдар кармалышып, сот тарабынан алардын бири 25 жылга, экинчиси 18 жылга эркинен ажыратылса, дагы бирөөсү оор кылмышты жаап жашыргандыгы үчүн 3 жылга эркинен ажыратылган.

Ошондой эле, бул оор кылмыштын активдүү шериктеринин бири изин жашырып качып кетүүгө үлгүргөн. Ага карата мамлекеттер аралык издөө жарыяланган.

2022-жылдын январь айында Араван райондук милициянын кызматкерлеринин ыкчам маалыматынын негизинде издөөдө жүргөн адамдын жүргөн жери аныкталып, бул тууралуу ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүнө тийиштүү маалымат жиберилген.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн түздөн-түз катышуусу менен Россиянын ИИМдин Москва шаары боюнча Башкы башкармалыгынын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада 2022-жылдын 21-январында оор кылмыш ишин жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн Ош облусунун тургуну 1988-жылы туулган Айтиев Тилек аттуу жаран кармалган.

Москванын аймактык сотунун чечиминин негизинде кармалган адам Тергөө абагына киргизилип, учурда 1993-жылдагы Минск конвенциясына ылайык экстрадициялоо маселеси чечилүүдө.

Количество просмотров: 557