• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Адамды сабап, качып кеткен эргул колго түштү

27 Аяк оона 202412:07 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 43 жаштагы эргул башка адамдын денесине оор залал келтиргендиги үчүн кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБнен билдиришти.

Окуя 8-августта эртең мененки тогуздар чамасында Сельсовет көчөсү менен Ден Сяопин көчөсүнүн кесилишинде болгон.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлерине У.Т. аттуу адам арыз менен кайрылып, аны менен мушташа кеткен белгисиз адамга чара көрүүнү суранган. Кылмышка шектүү В.Т. бир учтуу нерсе менен аны сайып, белгисиз тарапка качып кеткен.

Укук коргоо кызматкерлери тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин ден соолукка атайылап оор залал келтирүү беренеси боюнча иш козголуп, керектүү экспертизалар дайындалган. Шектүү катары 43 жаштагы В.Т. аттуу адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө амалдары жүрүүдө.

Количество просмотров: 211