Чуй облусунун Сокулук райондук сотунун 10-ноябрдагы токтому менен Мыктыбек Адилет Алиге карата Сокулук райондук пробация бөлүмүнүн сунуштамасы-канааттандырылган. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2022-жылдын 10-ноябрындагы өкүмү менен карата колдонулган пробациялык көзөмөл жокко чыгарылган.
Мыктыбек Адилет Али 2022-жылдын 11-ноябрында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖК 278-беренесинин 3-бөлүгү менен соттолуп, 5 жылга эркинен ажыратылган жаза белгиленип, Кыргыз Республикасынын КЖК 82-беренесинин негизинде 3 жыл пробациялык көзөмөл колдонулган.