• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Активист Адилет Балтабай дайынсыз болуп жатканы айтылды

10 Тогуздун айы 2023 17:37 Бишкек Govori.TV

Активист Адилет Балтабай (Адилет Али Мыктыбек) дайынсыз болуп жатканын анын жубайы журналисттерге кабарлаган.

Жубайы Адилет Балтабайды УКМКнын кызматкерлери кармап кетишкени айткан.

“Пробация бөлүмүнө кеткен. Ошол жактан кармашыптыр. Алар УКМКнын балдары болчу деп айтышты. Кайсы жакка алып кетишкенин билбей жатам», — деген ал.

Адл эми УКМК бул боюнча азырынча маалымат бере элек.

Блогер быйыл январда Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандарды бошотуу талабы коюлган митингге катышкандан кийин кармалып, камакка алынган. Ага чейин былтыр жарым жылдай камакта отуруп, 11-ноябрда Биринчи Май райондук сотунда «Жапырт башаламандык» беренесинин негизинде күнөөлүү деп табылган. Пробациялык көзөмөл өкүмү менен сот залынан бошотулган.

Количество просмотров: 659