• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Активисттин иши Жогорку сотко жетти. Жапаров АКШга барды

11 Чын куран 2023 19:15 Бишкек Govori.TV

ПРЕЗИДЕНТ БАЛБАНДАРДЫ КУТТУКТАДЫ

Президент Садыр Жапаров фейсбук баракчасына билдирүү жазып, балбандарды Азия чемпионатындагы жеңиши менен куттуктады. 

«Казакстанда өтүп жаткан Азия чемпионатында спортчуларыбыздын бир тобу байгелүү орундарга ээ болгонуна кыргыз эли сүйүнүп, бири-бири менен кубанычтарын тең бөлүшүүдө. Бул кубанычты тартуулагандар: алтын байге ээлери — Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Акылбек Талантбеков жана алтынга тете күмүш алган Үзүр Жусупбеков, коло байге ээлери — Роман Ким, Раззак Бейшекеев жана Адилхан Нурланбеков. Бул да болсо кыргыз спорту өнүгүп жатканынан кабар берет. Балбандарыбызды бул жеңиши менен жалпы кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан куттуктаймын!», — деп жазды президент.

Ошону менен катар Жапаров өз билдирүусүндө алдыда килем үстүнө чыгып, өлкө намысын коргой турган балбан кыздарга ийгиликтерди каалаган.

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Казакстанда өтүп жаткан Азия чемпионатында жалпы жети медал уткан. Ал эми командалык көрсөткүчтө Кыргызстандын курамасы Ирандан кийинки экинчи орунга илинди.

Бүгунтөн тарта Азия чемпионатында кыз-келиндер арасында күрөш боюнча салгылашуулар башталды.

ЖАПАРОВ ВАШИНГТОНДО ЖҮРӨТ

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Вашингтон шаарына (Америка Кошмо Штаттары) болгон иш сапарынын алкагында Дүйнөлүк банктын адамдык капиталды өнүктүрүү боюнча вице-президенти Мамта Мурти менен жолукту.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө Министрлер кабинетинин төрагасы Кыргыз Республикасына көбүрөөк көлөмдөгү «түз колдоо» керектигин, ал Кыргыз Республикасынын экономикасын стимулдаштырууга, пандемиянын адам капиталына тийгизген терс таасирин жоюуга, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө багытталат жана аймактык деңгээлдеги экономикалык байланыштарга жана жалпы рынокторго түрткү болоорун белгилегенди.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров банкка тышкы карызды жашыл жана климаттык демилгелерге айландыруу механизмдерин иштеп чыгууну карап көрүүнү сунуштады.

Өз кезегинде Дүйнөлүк банктын вице-президенти Кыргыз Республикасынын билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагын каржылык колдоону көбөйтүүдө олуттуу жылыш бар экенин белгиледи, анын айтымында, бул «акыркы жылдары байкалууда».

Ал ошондой эле Жапаров Кыргыз Республикасындагы жогорку билим берүүнү өнүктүрүү үчүн Дүйнөлүк банктын жаңы долбоорун даярдоо жана каржылык жардам көрсөтүү жөнүндө маалымат берди.

Белгилей кетсек, учурда Дүйнөлүк банк балдарды мектепке даярдоону жакшыртууга багытталган “Келечек үчүн билим” долбоорун ишке ашырууда. Жогорку билим берүүнү модернизациялоо долбоору банк тарабынан бир нече айдын ичинде бекитилет деп күтүлүүдө.

Жолугушуунун маанилүү темаларынын бири санариптик технологияларды адам жашоосунун бардык чөйрөсүнө киргизүү болду. Бул багытта тараптар кошумча финансылык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

КАЙРА ШАЙЛОО: ТАЛАПКЕРЛЕР АРЫЗ БЕРҮҮДӨ

№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө арыз берген талапкердин саны 13кө жетти.

Белгилей кетсек,  депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 2023-жылдын 27-апрелинде (кошуп алганда) аяктайт.

Бишкектин Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майга дайындалган. Аталган округ боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун ыйгарым укуктары кафеде болгон мушташтан улам мөөнөтүнөн мурда токтотулган.

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүгө жалпысынан 18,6 миллион сом жумшаларын кабарлаган.

АКТИВИСТТИН ИШИ ЖОГОРКУ СОТТО КАРАЛУУДА

Бүгүн, 11-апрелде Жогорку сотто жарандык активист Адилет Балтабайдын иши каралып, отурум кийинкиге жылды.

Сот имаратынын алдына активисттин жакындары чогулуп, «Адилет Балтабайга боштондук!» деген плакаттарды көтөрүп келишкен. Деген менен укук коргоо органдарынын кызматкерлери аларга акция өткөрүүгө уруксат беришкен жок.

Адилет Балтабайдын иши Балтабай өткөн жылдын 30-июнунда «Массалык башаламандыктар» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Активист өзүнө карата козголгон ишти сөз эркиндигине басым катары баалай турганын белгилеген.

11-ноябрда сот Балтабайды күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыраткан. Ошол эле маалда сот үч жылдык пробациялык көзөмөл менен аны сот залынан бошоткон.

2023-жылдын 12-январында Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин өзгөртүп, жарандык активистти беш жылга эркинен ажыратып, сот залынан камакка алган.

ШАМЕНОВ ООРУКАНАГА КОТОРУЛДУ

Массалык башаламандык уюштурууга шектелип кармалган активист Илгиз Шаменов ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

“Ооруканага жаткырылышы зарыл” деп медиктер айткандан 27 күн өтүп, акыры Шаменов ооруканага жаткырылды»,-деп жазды Жоошев.

Өткөн жылдын 23-октябрында Кемпир-Абад иши боюнча Ички иштер министрлиги тарабынан саясатчы, жарандык активист, укук коргоочулар кармалган.  Ал эми 27-октябрда Шаменов Москва шаарынан кармалганы кабарланып, Орозайым Нарматова менен бирге Бишкекке жеткирилген.

ИИМ аларды жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган деп айыптоодо жана жетиштүү далил бар экенин билдирген. Ал эми кармалган 30га жагын саясатчы, укук коргоочу, активисттер муну саясий куугунтук катары баалап келишет.

 “ВЕБКАМ” СТУДИЯ ТАБЫЛДЫ

Кардарлар менен веб-моделдерди байланыштырып турган “вебкам” студия Бишкек шаарынан табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматаны кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 6-апрелинде ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси «Порнографиялык мүнөздөгү буюмдарды таратуу» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында иштер жүргүзүлгөн. Өткөрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы компьютердик клуб катары өзүн көрсөтүп келген белгилүү бир “студиянын” дареги аныкталып, ал жерди ыкчам кызматкерлер текшерүүгө алган. Бул даректе документтер боюнча жубайлар катталганы, бирок үйдүн 1-кабатындагы чоң бөлмөдө 8 компьютер орнотулган, өзүнчө бөлмөдө 10 компьютер, 2-кабатта 4 компьютер, жер төлөдө дагы 4 компьютер бар экендиги аныкталган», — деп жазылат маалыматта.

Кошумчалангандай, бул “мекемеде” болжол менен 20-25 жаштардагы азиат түспөлүндөгү 7-8 жигит иштешкени белгилүү болгон. Алар котормочулар экени маалым болуп, алар модель менен потенциалдуу кардардын ортосундагы ортомчулар экени такталган.

“Ошол эле учурда компьютердин бет маңдайында отурган веб-моделдер башка шаарда, атүгүл башка өлкөдө болушу толук мүмкүн. Ошондой эле, сайттарга кирген кардарлар дагы башка шаарда жашашат. Бул учурда операторлор кошулуп, котормочу болуп, веб-моделдин ордуна келгендер менен видео чатта баарлашып жүрүшкөн. Кардарды азгырып, көбүрөөк төлөп берүү да котормочулардын негизги милдети экени маалым болду», — деп кошумчалашт ИИМден.

Учурда иликтөө иштери уланууда. Жалпысынан көрсөтүлгөн даректен 30 компьютер табылып алынган.

Количество просмотров: 139