• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Улуттук госпиталдын кош бойлуу медайымы сабалды

20 Бирдин айы 2024 18:09 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Улуттук госпиталдын медайымы бейтаптын туугандары тарабынан сабалганын Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, Травматология бөлүмүнүн медайымы өз милдетин аткарып жатып бейтаптын тууганы тарабынан сабалган. Анда кызматкерибизге физикалык жана эмоционалдык зыян келтирилген. Кош бойлуу медайым боюнан түшүп калуу коркунучу менен шаардык гинекологиялык ооруканага жаткырылган. Абалы туруктуу.

«Мен Улуттук госпиталдын башкы дарыгери катары медицина кызматкерлерине карата мындай зордук-зомбулукка жол берилбестигин жана биздин баалуулуктарыбызга жана принциптерибизге туура келбестигин баса белгилегим келет. Биздин кызматкерлер бейтаптарыбыздын ден соолугуна жан үрөп кам көрүп келишет, жана аларга карата ар кандай зомбулук аракеттерине жол берилбейт. Биз кызматкерлерибиздин коопсуздугун жана корголушун камсыз кылуу боюнча чараларды көрөбүз. Ошол эле учурда бардык бейтаптарды жана алардын жакындарын сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн колдон келген аракетин жасап жаткан биздин кызматкерлерге сый-урмат жана түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз”,-деди Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов.

Количество просмотров: 1288