Башкы прокуратура Улуттук Гвардиянын 10126 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан Эрик Шаршенбаевдин сабалганы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатканын билдирди.
Маалыматта Шаршенбаевдин жаракатын аныктоо үчүн дайындалган соттук-медициналык экспертизанын жана териштирүү иштеринин жыйынтыгы менен Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин талаптарына ылайык чечим кабыл алынары жазылган.
Шаршенбаев учурда Улуттук госпиталдын нефрология бөлүмүндө жатат. Окуя 15-ноябрда болуп, Шаршенбаев 22-ноябрда госпиталга жаткырылган. Ага курч постстрептококк гломерулонефрити, нефротикалык синдром, экинчи топтогу артериалдык гипертензия деген диагноз коюлган, оң бөйрөгү жараат алганы аныкталган.