Бишкектин Биринчи Май райондук соту адвокат Нурбек Токтакуновду беш суткага камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу жактоочу өзүнүн соцтармактагы баракчасына жазды.
Белгилей кетсек, Токтакунов өлкөнүн судьяларын мазактоо менен айтылган майда бейбаштык боюнча айыпталууда. Ал «коомдук жерде уят сөздөрдү айтуу (анын ичинде сөгүнүү)» беренеси тагылган.
Буга чейин Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин жанында өткөн митингде Нурбек Токтакунов дипломатиялык өкүлчүлүктүн имаратынын жанында митинг өткөрүүгө тыюу салуу чечими Конституцияга каршы келерин билдирген. Ал ошондой эле Кыргызстандын судьялары тууралуу эмоционалдуу сүйлөп, аларды “эч ким” деп атаган.