Камакта жаткан ишкер Имамидин Ташовдун жана үч жылга кесилген Аскат Жетигендин адвокаты Самат Матцаков «Алдамчылык» беренесинде айыпталууда. Бул тууралуу ал журналисттерге өзү билдирди.
«Алдамчылык менен иш козгоп, бирок Ташовдун ишине байланыштуу диктафон жана төрт дискти алып кетишти. Мен кармалышымды адвокаттык ишмердүүлүгүмө байланыштырам. Өткөн жумада эле «алдамчылык» беренеси менен иш козгошкон. Иш козгой тургандай негиз жок болчу», — деген жактоочу.
Матцаковду күч органдарынын кызматкерлери УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына алып кетишти.
Ал эми УКМК бул тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек.