• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Адвокаттар Мадумаровдун иши тергелип бүткөнүн айтышты

10 Тогуздун айы 2023 13:44 Бишкек Govori.TV

Камактагы саясатчы Адахан Мадумаровдун иши тергелип бүтүп, сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда өткөн маалымат жыйында Мадумаровдун жактоочусу Ольга Жукова билдирди.

«Иш тергелип бүтүп, Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлгөн. Соттук отурумдун так датасы белгилүү боло элек»,-деди Жукова.

Мындан сырткары ал 15 томдон турган иштин материалдары менен толук кандуу таанышууга тергөөчү уруксат бербегенин кошумчалады.

Ал эми Адахан Мадумаровдун дагы бир жактоочусу Юлия Богданова саясатчыга карата козголгон кылмыш иши боюнча маалымат берди.

«Биринчиси кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго байланыштуу. Бул протокол Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн эмес, ратификация болгон эмес. Тактап айтканда, юридикалык күчү жок. Ушунча жыл өткөндөн кийин тергөө жүрүп «чыккынчылык» беренеси менен айып коюлганы таң калычтуу. Экинчи иш Чыңгыз Абдымомунов аттуу жаран 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган»,-деди адвокат Богданова.

Эске салсак, саясатчы Мадумаров 2-сентябрда кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 24-октябрга чейин камакта калтырган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен айып коюлганын маалымдаган.

Количество просмотров: 1247