• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Адылбек Касымалиев катуу сөгүш алды

26 Тогуздун айы 2018 18:32 Бишкек Govori.TV
Бишкек.26.10.2018.Govori.TV
Мамлекеттик карыздын суммасын азайтып айткандыгы үчүн каржы министри катуу сөгүш алды. Мындай чечимди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кабыл алган.

Маалыматка ылайык, Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов Каржы министрлиги мамлекеттик карыздын суммасын эсептөөдө ката кетиргенин билдирген. Анда 637млн сомго азайып кеткен.

Бүгүнкү өкмөттүн отурумунда Абылгазиев “Ар бир министрликке кеңешмелер көп. Бирок мен Каржы министрлигине айткым келет. Уят болушу керек. 637 миллион бир жакка кетип калды. Бул маселени дээрлик депутаттар менен президент көтөрүүдө. Биз 6 миң сом үчүн жазалайбыз, ал эми бул жерде көп баа турат. Бизде мындай сумма баланста да жок. Ошондуктан мен Каржы министри Адылбек Касымалиевге сөгүш жарыялоону, ал эми анын орун басары Мирлан Байгончоковго катуу сөгүш берүүнү чечтим, себеби аталган суроого ошол адам жооптуу болчу. Ката кетирген башка ызматкерлерге силер чара көргүлө», -деп билдирген.
Количество просмотров: 21