• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Аэропортко бара жаткан жолдо унаа велосипедчен эки адамды сүзүп, бири каза болду

30 Кулжа 2020 13:31 Бишкек Govori.TV

«Манас» аэропортуна бара жаткан жолдо жеңил унаа велосипед тээп бараткан эки жаранды сүзүп кетти. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн,30-июнда болгон. Кырсыктын кесепетинен 1 жаран каза болсо, экинчиси оор абалда ооруканага жеткирилген.

«Ауди үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу аэропорттун аймагынан Бишкекти көздөй келе жаткан. Ал жолдун жээгинде велосипед тээп бараткан эки кишини сүзгөн. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө «, — деди мекеменин маалымат катчысы.

«Аудинин» айдоочусу кармалып, унаа айып короого киргизилген.

Теги:
Количество просмотров: 113