• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Аэропортто бөлөк паспорт менен өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

11 Жалган куран 202014:00 Бишкек Govori.TV

«Манас-аэропорт» көзөмөл-өткөрмө пунктунан чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, «Стамбул-Бишкек» каттамы менен учуп келген 1991-жылы туулган Н.Ж.к. аттуу жаран чек арачыларга жалпы жарандык паспортун көрсөткөн.

«Документтерди текшерүү учурунда анын башка бирөөнүн паспортун көрсөткөнү аныкталган. Тыкыр териштирүү жүргүзүлгөндө аталган жаран эжесинин паспорту менен чек арадан өтүүгө аракет кылганы байкалды.Тиешелүү документтер түзүлгөн соң ал УКМКнын аймактык бөлүмүнө андан ары териштирүү иштери үчүн өткөрүлүп берилген», — деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 114