• Шаршемби 10 Кулжа 2026
  • Среда 10 Июнь 2026

Афтандил Жоробеков эки айга камалды

8 Бештин айы 202321:26 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршылык билдирип чыккан активист Афтандил Жоробеков эки айга Бишкектеги №1 тергөө абагына камалды. Анын бөгөт чарасы 8-декабрдын кечинде Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралды.

Жоробеков 7-декабрда Бишкек шаардык милициясына суракка чакырылып, кармалган.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин “массалык башаламандыктар” беренесинин 3-бөлүгү, “бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен айып тагылганын адвокаты билдирген.

Количество просмотров: 159