Мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарында акча каражаттарын мыйзамсыз чогултууга жана мектептердин алдында коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу Агартуу министрлиги тараткан маалыматта айтылат.
Белгиленгендей, окуучуларга жана алардын ата-энелерине (аларды алмаштырган адамдарга) мыйзамсыз акча каражаттарын алуу же моралдык-психологиялык кысым көрсөтүү фактылары аныкталган учурда күнөөлүү адамдарга карата ээлеген кызматынан бошотууга чейинки тартиптик жаза чаралары колдонулат.