• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Аида Касымалиева: Экономика министрлигинин эсептөөлөрү мектептин деңгээлинде эле

13 Бирдин айы 2019 16:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 13.02.2019. Govori.TV

Жогорку Кеңештин жыйынында Экономика министрлигинин өкүлү акыркы эки жылда Кыргызстанга келген туристердин саны артканын, өлкө казынасына түшкөн акчанын көлөмү өскөнүн сандар менен айтып берди.

“2018-жылы 98 миң турист келген. Бул көрсөткүч 2016-жылга салыштырмалуу 16 миң 300гө көп. Дагы бир айта кетчү нерсе – 2016-жылы 16 млрд сом туризм тармагына инвестиция болуптур. 2017-жылы 24,8 млрд сомго көбөйдү. Инвестиция жылдан жылга өсүп жатат. Себеби туристтер көп келип жатат”,-дейт министрликтин өкүлү.

Ушул салыштырма сандар депутатты кыжырлантты. Аида Касымалиева бул абдан жөнөкөй эсептөө деп баа берди.

“Мен сурап жаткан өзүңүздөр жакшы билесиздер, мультипликативдик эффект кандай болуп жатат? Силер Экономика министрлиги катары даярдап коюшуңар керек. Бизге кандай пайда, кайсы чөйрөдө туристтерден кандай пайда болуп атат? Алардын саны менен биз чектелип кала албайбыз”,- деди Касымалиева.

Депутат министрдин өкүлүн мектеп окуучусунун деңгээли менен салыштырды.

“Алдын ала эсептөөлөр мектептин деңгээлинде эле. Окуучулар презентацияга даярданып келишет го. Инвестиция көбөйдү, туристтер келип атат деп, эки эле нерсени айтып жатасыздар. Сиз өзү түшүнөсүзбү, мультипликативдик эффект деген эмне? Бир аз

жакшылап даярданып келсеңиздер болот. Канча конок үйү ачылып, экономикага канча пайда түшүп жатат? Биз эмне үчүн визасы жок режимди 2025-жылга чейин узартып жатабыз?” -дейт эл өкүлү.

Касымалиева тактама суроолорду кайра-кайра узатып, министр өкүлүн жүдөтүп жиберди. Айласы кеткен чиновник вице-спикердин суроолоруна кат түрүндө жооп берүүнү суранды.

“Мага кат жүзүндө кереги жок. Бүгүнкүгө даярданып келишиңиздер керек эле. Ушундай презентацияны даярдоо силердин түздөн-түз ишиңер. Жөнөкөй эле бир мультипликативдик эсепти билбесеңиздер келбей эле коюңуздар анда”, – деди Аида Касымалиева.

Количество просмотров: 46